Коом
Тумоо 494 адамдан аныкталды. Илдетке кабылгандар азая баштады
2020-жылдын 1-августуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония дагы 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 112, Ош шаарында— 66, Чүй областында — 33, Ош областында — 95, Талас областында — 2, Нарын областында — 16, Ысык-Көл областында — 94, Жалал-Абад областында — 53, Баткен областында — 23 учур катталды.
Кыргызстанда тумоого кабылгандардын саны 36 миң 299 кишиге жетти.
Акыркы суткада 19 бейтап каза тапты.
Бир суткада 900 адам айыгып чыкты, жалпы сакайгандар 26926 адамды түздү.



