Каны кайсы топко кирген адамдар узак жашашат? Адистин пикири

Канынын кайсы топко таандык экени адамдын узак жашоосуна таасирин тийгизет. Адистер ушундай тыянакка келишти, деп билдирген «Южный Федеральный» порталы.
Иликтөөлөрдөн алынган маалыматтарга жараша, адамдын өтө узак жана эч кандай олуттуу ооруларсыз жашашы, алардын организиминде антителалардын, эритроциттердин жана антигендердин канчалык санда экенине байланыштуу болот.
Адистердин маалыматы боюнча узак жана ден соолуугу чың жашоо каны биринчи топко киргендерге мүнөздүү. Бул адамдар ар түрдүү жугуштуу инфекциялардан жакшы корголгон. Бирок, баары бир, каны биринчи топко киргендер өздөрүнүн жүрөк жана кантамырларынын абалына баам салып туруулары керек.
Каны экинчи топко киргендер кант диабетине, суук тийүүгө жана стресстерге жакын болот.
Үчүнчү топко киргендерде онкология ооруларына кабылуу коркунучу өтө чоң, ошондой эле алар ангина жана отит (кулак оорусу) менен бат-баттан оорушат.
Каны төртүнчү топко киргендер башкаларга караганда жугуштуу инфекцияларга жакын келишет, ошондой эле жүрөк ооруларга да тезирээк кабылышат



