Коом

Шаардык мэрия коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерин көбөйтөт

Коомдук транспорт менен жүргөн жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бир катар негизги көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди уюштурууну улантуу маселесин карап жатканын билдирди.

Учурда төмөнкү көчөлөр каралууда:


— Ю. Абдрахманов көчөсү (Байтик Баатыр көчөсүнүн уландысы) — А. Токомбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
— Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— И. Ахунбаев көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин;
— Чүй проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
— 7-Апрель көчөсү — Жибек Жолу проспектинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин;
— Дэн Сяопин проспекти — Фучик көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин.

Маалыматта белгиленгендей, бул өзүнчө тилкелер автобустардын ылдамдыгын жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Тектеш кабарлар

Back to top button