Коом

Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасына мындан ары Кыргызстанда криминал деген түшүнүк болбой турганын жазды

Ал Кыргызстан чет өлкөлүк инвестор, бизнесмендер жана эл үчүн бейиштин төрүндөй эле болорун, ал эми демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөй турганын айтты.  

“Ар бир айылдагы «мен чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз”, — деди өкмөт башчы. 

Бул посттун алдына Асия Чомоева деген колдонуучу “өмүр бою мамлекеттик жумуштарда иштеген сиз кантип байып алдыныз?” деген суроо узаткан. Акылбек Жапаров ага “келинчегим 1 млрд 200 млн сом салык төлөдү” деген жооп берди.  

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button