Коом

«Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында QR-код аркылуу 300 млн сомдон ашык каражат чогулду

2025-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында QR-код аркылуу накталай эмес төлөмдөр системасынын негизинде 300 миллион 266 миң 484 сом жыйналды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 35,48 пайызга көп. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы системаны өркүндөтүү жана көзөмөл механизмдерин күчөтүүнүн натыйжасында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү кыйла өстү. Азыркы учурда төлөмдөрдүн 98 пайызы накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүдө.

«Бул адам факторун минималдаштырууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө пункттарында жол тилкелерин кеңейтүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. “Сосновка” пунктунда кошумча тилкелер толугу менен курулуп, пайдаланууга берилди. “Кара-Көл” пунктунда 2025-жылы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган кеңейтүү иштери толук аяктап, жол бөлүгү талап кылынган техникалык параметрлерге ылайык келтирилди.

Маалыматтык системалардын серверлери жана программалык камсыздоосу үзгүлтүксүз жаңыланып, туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсү камсыздалууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button