Коом

Караколдогу 6 ымыркайдын өлүмүнүн себеби аныкталды

Эске салсак, жыл жаңыргандан кийинки эки апта ичинде Караколдогу төрөт үйүндө 6 ымыркай чарчап калган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, анын себебин аныктоого киришкен. 

Иликтөөнүн жыйынтыгында «ымыркайлардын өлүмүнө алып келген оору жугузуп алуу учурларын өз убагында аныктоо жана анын алдын алуу иштери жетишсиз деңгээлде уюштурган» деген бүтүм чыгарылды.

Бир нече кызматкер иштен алынды:

▫️Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Кыдырбаев М. Б.

▫️Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Сагынбаев М.О.

▫️оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Атагелдиева И.К.

▫️оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Р.К.

▫️оорукананын ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т.

▫️Мамсанэпидем көзөмөлдөө борборунун Ысык-Көл облусу боюнча координациялоо директору Тайлакова Г. 

@user22

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button