Коом

Минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынды.

«Токтом» маалыматтык-укуктук порталынын маалыматына ылайык, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 81 Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана КР министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ташып чыгууга ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Токтом менен ташып чыгууга тыюу салынган минералдык жер семирткичтердин тизмеги бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button