Кыргызстанда бир нече медициналык мекеме курулуп, оңдолуп-түздөлүүдө
Жаңы типтеги ооруканалардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында азыркы учурда жалпы республика боюнча 12 медициналык мекеме курулуп, оңдолуп-түзөлүп жана иш багыты өзгөртүлүп жатат.
“Калкка комплекстүү медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн жаңы типтеги ооруканаларды куруу пландаштырылган. Анын алкагында жаңы, эксперименталдык бат тургузулуучу 3 клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулуш иштери жүргүзүлүүдө”, – дейт бул туурасында башкармалыктын адиси Зуура Долонбаева.
Алар:
– Бишкек шаарында 100 орундуу,
– Ош шаарында 100 орундуу,
– Нарын шаарында 70 орундуу оорукана.
– Жандандыруу бөлүмдөрү үчүн жалпысынан 70 орун каралган.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 9 медициналык мекеме үчүн масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
– Чүй облусунун Токмок шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында 216 орундуу заманбап, жугуштуу ооруканалар бөлүмү ачылат.
– Баткен облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында 90 орундуу (15 орун реанимациялык болуп эсептелет) капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
– Жалал-Абад облусунда 2 имарат инфекциялык оорукана катары өзгөртүлүп, жасалууда.
– Ысык-Көл облусунда – 2 объект оңдолуп жатат.
– Ош облусунун Кара-Суу районунда 1 объект колдонууга берилмекчи.
– Талас облусунун Көк – Ой айылындагы аймактык оорукананын имараты өзгөртүлүп, кайра жасалууда.
Жаңыдан салынып, иш багыты өзгөртүлүп, оңдоп-түзөө иштери жасалып жаткан ооруканаларга керектүү медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын наркы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эсептелип чыкты. Жалпысынан:
– Медициналык жабдуулар үчүн 230 миллион сом;.
– Инфекциялык жугуштуу оорулар бейтапканалары үчүн медициналык эмес жабдууларга 13 миллион сом керектелет.
Ысык-Көл жана Талас облустарындагы иш багыты өзгөртүлүп, кайра түзүлгөн инфекциялык ооруканаларды медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздоо пландаштырылууда.



