Коом

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун V туру башталды

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, келишимдик негизде окуйм дегендерге бош орундар бар.

Жалпы республикалык тестиртөөлөгө (ЖРТ) катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-август саат 14.00гө чейин ЖОЖдорго тапшыра алат. Ал эми 28-29-август күндөрү саат 17:00гө чейин болочок студент университетте билим алуу ниетин тастыкташы шарт.

Кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер сайтына катталышы катталышы керек.

Эске сала кетсек, төртүнчү турду жыйынтыгы менен гранттык окутууга 5 012 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 087 абитуриент кабыл алынган.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button