Коом

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button