Пайдалуу кеңештер

Эски күзгү сатып албагыла — үйүңөргө мурдагы ээсинин жаман энергиясы кошо келет

Эзотериканын көз карашында күзгү – үйдүн ичиндеги өзгөчө буюм болуп саналат. Ал өзүнө жаман да, жакшы да энергияны топтошу мүмкүн. Топтогон энергиясын күзгүгө ким көрүнсө кайра ошого берет, дейт 10by10.ru сайты.

Күзгү жаман энергияны топтобош үчүн, аны биринчи кезекте негативден сакташ керек. Кокустан күзгү жаман энергияны топтоп алса, анда аны ошол терс кубулуштан арылтуу зарыл.

Күзгүнү кантип терс энергиядан сакташ керек.

Биринчиден, күзгүгө жаман жана терс таасирин тийгизчү жерлерге илбегиле, койбогула. Мисалы: уктоочу бөлмөдө, караңгы же күүгүм жерлерде жана эки күзгүнү бири-бирине бет маңдай жайгаштырбагыла.

Ошондой эле эски күзгүнү сатып албагыла — ал күзгү эмнелерди көрүп, эмнелерге күбө болгонун силер кайдан билесиңер? Мурдагы кожоюндарынын жаман энергиясынын баарын сактап алат да, кайра жаңы ээлерине таратат. Эгер мурдагы ээсинин үйүндө чыр-чатак үзүлбөгөн болсо — силердин үйгө да күзгү менен кошо чыр-чатак келет.

Буга бир мисал.

Бир үй-бүлөө жаңы үй сатып алат. Эски кожоюндар бардык эмеректерин алып кетишет. Жаңы кожоюндар үй менен кошо алардын коридордогу чоң күзгүсүн сатып алып калышат.

Бул үйгө киргенден кийин көп өтпөй эле, өмүрүндө кыжылдашып көрбөгөн күйөөсү менен аялы, болоор-болбос нерселер үчүн уруша башташкан. Ал түгүл, бири-бирине өйдө карап, катуу сөз айтышпаган бул үй-бүлөө кол көтөрүшүп, кызыл-жаян боло мушташып, үзүшүп-жулкушканга чейин барышкан. Акыры, аялы менен күйөөсү ажырашып жандары тынат. Аял ошол үйдө калып, күйөөсү башка үйгө чыгып кетет.

Бир күнү аялынын жакын курбусу ага учурашканы келип калат. Ал аял тамак ичип олтурганда курбусунан «Күйөөң кайда?» деп сурайт. Үй эсси болгон окуяны курбусуна чыпчыргасын коротпой айтып берет. Келген аял алаканын шак коет да, коридордо илинип турган чоң күзгүнү көрсөтүп, «муну сат», дейт. Анан, буларга чейин бул үйдө болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Көрсө, бул үйдө мурда жашап кеткен аялдын күйөөсү аялына күн көрсөтпөй далай жолу сабап, көзүн көгала кылган күндөрү болгон экен. Аял жумушка барыш үчүн бети-башындагы көкаланы ушул күзгүнүн алдына туруп алып боеп жоготкон учурлары далай болгон. Ал эми, ушул окуяны айтып берип жаткан аял, тигилердин да жакын курбуларынан экен. Бул үйдөгү чыр-чатактын үстүнөн далай чыгып, эрди-катынга арачы түшкөн мезгилдери да болуптур.

Курбусу тигинин тилине кирип, күзгүнү сатып жиберет. Көп өтпөй эле күйөөсү менен аялы экөө жарашып, кайрадан ынтымактуу жашап калышыптыр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button