Кулпунай эзилип даамын жоготпоо үчүн туура жууш ыкмасы айтылды

Кулпунай сууга чыланып, даамын жоготпошу үчүн аны сатып алгандан кийин дароо эмес, жээрдин алдында гана жууш керек. Бул тууралуу агроном, «Гродан» компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча менеджери Алексей Куренин Life.ru басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, кулпунайды муздак агын суунун алдында болжол менен 30 секунд жууш керек. Бул учурда мөмөлөрдү кол менен акырын аралаштырып коюу зарыл.
Кулпунайдын сабагын алдын ала үзүп салууга болбойт. Анткени сабагы алынгандан кийин пайда болгон тешик аркылуу мөмөнүн ичине суу кирип кетиши мүмкүн.
«Жууп бүткөндөн кийин кулпунайды кагаз сүлгүгө же салфеткага жайыңыз. Бул ашыкча нымды кетирип, мөмөлөрдүн түзүлүшүн жана даамын сактоого жардам берет», — деди адис.
Ошондой эле кулпунайды жууганда самын же тиричилик химиялык каражаттарды колдонууга болбойт. Адистин айтымында, күнөсканада өстүрүлгөн да, ачык жерде өстүрүлгөн да кулпунайды тазалоо үчүн кадимки суу жетиштүү.



