Кудрет Тайчабаров: Чындык чекчейип көрүнүп турса деле “Мадумаров ангел” деп тура бересиңерби былтыйып?

Журналист Кудрет Тайчабаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясында болуп жаткан окуялар тууралуу жеке пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, коомчулуктун талкуусуна койду.
Журналисттин жазганын өзгөртүүсүз берилди:
Бүтүнчүлөр, анча-мынча обон отрядын уялтып салдыңар. Мынча ажаансыңар? Чындык чекчейип көрүнүп турса деле Мадумаров ангел деп тура бересиңерби былтыйып?
Андан көрө, «ооба, партиянын чыгымдарын жабыш үчүн айрым акчалууларды алдыга кошту, арасында акчасы жоктор дагы бар. Бакир уулунун айтканы да чын, Динмухаммеддики да чын» деп койсоңор любой адам түшүнмөк. Адаханда акча жок, чыгымдарды жапса жапкандыр да демек. Динмухаммед мырза 10 жыл эмгек кылыптыр, 10 жылдык эмгегин таштап чыгып кетмек эмес. Значит, настолько плохо, что свои уже замахнулись…
Силер акча албады деп актанганыңарды көргөндөр, жер сатпады дегениңерге ишенбейт! Андыктан, чындыкты моюнга алгыла! Жигитче, ооба, тизмеге акчалуулар да кошулду деп койгула. Болду, ошону менен тема жабылат.
5 убак намаз окуган Бакир уулу, Өкмөт башчы болуп жүргөн Сариев, 10 жылдык эмгеги бар Динмухаммеддерди таптакыр эле калпычы кылган силерге абийир алып келбейт!
Силерге кеңеш, ажылдап чындыкты айтып жаткан тараптарды тепкилеп жатып калбай, фейктериңерди, фанаттарыңарды тыйгыла! Силердин партия парламентке келсе эмне иш кылат, ошол жөнүндө сүйлөгүлө. Башка бирөөлөрдү жамандаганга ансыз деле адам табылат. Жөн жерден эле жаман көрүнө бербегилечи, сураныч/эскертүү!
Айтып коеюн, мага атака койсоңор, өкүнүп каласыңар!” – деп жазды.




