Жумгал районунда ок атышкан кылмышка шектүү жарандар изделүүдө

2020-жылдын 28-августтан 29-августуна караган түнү саат 23:45 чамасында Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Рухий-Мурас жаңы конушунун тургуну 1992-жылы туулган К.М. телефон аркылуу Миң-Куш айылында жайгашкан Ак-Улак көмүр кесиминен өзү айдап жүргөн «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Балыкчы шаарына көмүр жүктөп өзү жалгыз бара жаткан учурда Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунан белгисиз адамдар автоунаанын терезесин таш менен уруп сындырып, андан соң автоунаасын эки жолу ок атуучу курал менен атышкандыгын билдирген.
Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунда Кочкор-Жумгал автожолунда токтоп тургандыгы аныкталып, автоунаага кароо жүргүзүүдө автоунаанын кабинасынын сол жак капталкы терезеси сынык абалда жана автоунаанын кузовунун сол жак тарабында (бортунда) майда чачыраган ок атуучу куралдын окторунун тактары, сол жак арткы дөңгөлөгүндө дагы ок атуучу куралдын майда чачыраган окторунун тактары (издери) калгандыгы такталган.
Аталган факты Жумгал РИИБнин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жаран К.М. арыз менен кайрылып, анда жогорудагы бейтааныш балдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Ошондой эле ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу 2020-жылдын 28-август күнү саат 15:00 чамасында Миң-Куш айылында жайгашкан Ак-Улак көмүр кесиминен өзү айдап жүргөн «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы менен көмүрдү жүктөп, жалгыз саат болжолу 21:30 чамасында Жумгал районунун Арал айылына келген учурда, аны менен бирге көмүр жүктөп чыккан таекесинин «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы жолдо токтоп тургандыктан, артынан барып токтогон учурда «Субару-Аутбек» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бейтааныш 4, 5 балдар таякеси менен сүйлөшүп тургандыктан жанына барса, ал балдар «Силер такай көмүрдү ашыкча жүктөп жатасыңар, силерге акча керек болсо бизге жол керек, мындайыңарды токтотпосоңор машинаңарды кууп таштайбыз» дешип өзүлөрүнүн беттерин көрсөтүшпөй автоунаасына олтурушуп Чаек айылы тарапка кетип калышкандыктарын, андан соң кайра таякеси менен ээрчишип Балыкчы шаарына бара жаткан учурда, жолдон саат болжолу түнкү саат 23:45 самасында Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунан белгисиз адамдар «Ниссан-Алмера-Тина» же «Хонда-СРВ» үлгүсүндөгү автоунаа менен жолдун жээгинде күтүп турушкандарын, автоунаанын айдоочу тарабындагы терезесин таш менен уруп сындырып, андан соң , унаанын кузовунун сол жак тарабына эки жолу ок атуучу курал менен атышканда ылдамдыкты күчөтүп качып кетип, нөөмөт бөлүмчөсүнө телефон аркылуу билдирүү жасагандыгы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы



