Дүйнө
ФОТО: Минскиде 10 миң аял Лукашенконун режимине каршы нааразылык маршын жасашты. ОМОН токтото алган жок

Өткөн ишемби — 29-августта Минскинин чок борборунда кезектеги нааразылык акциясы өттү. Бул туурасында Meduza маалымат агенттиги билдирди.

Бул жолку нааразылык акциясына 10 миңдей жалаң аял катышты. Алар мурдагы тынч демонстрациялардын учурунда Александр Лукашенконун күч органдары тарабынан сабалган, камалган бейкүнөө жарандарга тилектештик билдиришип, Минскинин борбору менен жөө жүрүш жасашты.

Белорусь ОМОНу нааразылык акциясы менен жөө жүрүштө баратышкан аялдардын жолун бир нече жолу бөгөгөнгө аракеттеништи, бирок жүрүштү токтото алышкан жок.

Аялдар ОМОНдун курчоосун бир нече жолу жарып өтүп кетишти.

Анча-мынча гана жүрүшкө катышкандар жана журналисттерди кармаган менен, милиция массалык кармоолорду жүргүзүүгө дааган жок.





