Коом
Бишкек: Митинг учурунда милиция менен түрк соодагердин ортосунда жаңжал чыкты. ВИДЕО

Бүгүн Бишкекте “Караван” соода борборунун кызматкерлеринин митинги өтүп жатат. Митинг учурунда аталган соода борбордун кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Митингчилердин арасында Түркиянын жараны дагы болгон. Андан милиция документтерин көрсөтүүсүн суранганда баш тарткан.
Маалым болгондой, түрк жаран «Караван» соода борборунун ижарачысы-жубайын колдоо үчүн барган. Милиция кызматкерлери аны кармап кетүүгө аракет кылганда, митингчилер алып калышты.



