Коом
Коронавирус. 190 бейтап айыгып, кайра 60 адам жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы суткада 190 киши коронавирус илдетинен айыкса, кайра 60 адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг маалында айтты.
Аймактар боюнча:
Бишкек – 13
Ош- 1
Ош облусу – 7
Чүй – 2
Талас – 3
Нарын – 1
Ысык-Көл – 1
Жалал-Абад – 14
Баткен – 16
Жалпы жонунан 43958 адам жуктуруп алды.
Акыркы суткада Бишкек шаарынан бир бейтап каза болду. Каза тапкандардын саны 1060 адамга жетти.
Сакайгандар: Бишкек -106, Ош — 18, Ош облусу — 14, Чүй облусу — 5, Талас облусу — 9, Ысык-Көл облусу — 6, Жалал-Абад облусу — 19, Баткен облусу — 13.
Жалпысынан 38 649 киши сакайып чыкты.



