Коом

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары

▪️Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жатат. 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалдарын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат (куралдуу кол салуудан талкаланган).

▪️Капчыгай айылында 75 үйдө курулуш иштери жүрүп жатат. 17 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, 26 үйдүн плиталары орнотулууда, 31 үйдүн чатыры жабуу иштери аяктаган (куралдуу кол салуудан талкаланган).

▪️Миң-Өрүк айылында 37 турак-жайда курулуш иштери жүрүп, анын 16сында үйдүн ички ремонтун бүтүрүү иштери жүрүп, 10 үйдүн чатыры жабылды (куралдуу кол салуудан талкаланган).

▪️Достук айылында бардык 59 үйдүн пайдубалын түптөө аяктады, 4 үйдүн дубалы курулду, 36сында плиталары орнотулууда. 14 үйдүн чатырын жабуу иштери жүрүүдө (куралдуу кол салуудан талкаланган).

▪️«Достук» заставасы: Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи

▪️С.Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жолдун бөлүгүн жана ички көчөлөрдүн тротуарларын таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоордун жүрүшү менен таанышты. Бул ыкма жолдорду кадимкидей асфальттоодон арзан экени белгиленет. 1 км жолду таш брусчатка менен төшөө үчүн 6 млн. сом керектелет, таш төшөлмөнүн бекемдиги жана суукка туруктуулугу да жогору. Жолду таш менен төшөп, куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, анда жол тилкесин табигый таш менен төшөөнүн мындай ыкмасын айылдын ички жолдоруна киргизүү маселеси карала турганы белгилүү болду.

▪️Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 км, анын 48 километри асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90 пайызга бүткөрүлдү.

▪️Садыр Жапаров Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды.

▪️Кадамжай сурьма комбинат айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарып, айлык көрсөткүчтү 200 тоннага жеткирүү пландалып жатат. Ошондой эле суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна руда казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткирилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button