Кесиптик лицейлердин жана колледждердин окутуучуларын кесиптик өнүктүрүү санариптик технологияларга багытталат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кесиптик лицейлердин жана колледждердин квалификациясын гендердик аспектти эске алуу менен жогорулатуу программасын иштеп чыкты. Аталган программа жөнүндө кененирээк Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн тренингдер боюнча координатору Клара Темиркулова айтып берди.
-Аталган программаны иштеп чыгуунун зарылдыгы эмнеден улам келип чыккандыгы тууралуу айтып бересизби?
-Кыргыз Республикасында азыркы учурда 99 кесиптик лицей жана 148 колледж иш алып барат. Аларда 3,6 миңден ашуун өндүрүштүк окутуу мастери (кесиптик лицейлерде) жана 7 миңден ашуун педагог (колледждерде) эмгектенет. Ошол эле учурда өлкөдө билим берүү системасындагы заманбап муктаждыктарга жана тенденцияларга жооп берген баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун комплекстүү системасы жок. Булардын бардыгы кесиптик техникалык окутуу жана жалпысынан билим берүү секторунун адистерин даярдоонун сапатына таасирин тийгизүүдө.
Билим берүүнүн сапаты окутуучунун кесиптик деңгээлинен түздөн-түз көз каранды. Жогорудагылардын негизинде Билим берүүнү өнүктүрүү стартегиясы — 2020 артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун сапатын жогорулатуу саналат. 2018-2020-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун алкагында “Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларын кесиптик өнүктүрүү боюнча программа” иштелип чыккан.
-Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программасы кандай максатта иштелип чыкты?
-Программанын негизги максаты болуп баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасынын педагогикалык жана техникалык кадрларга болгон муктаждыгын канааттандыруу; заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык өндүрүштүк окутуу мастерлеринин кадрдык резервин түзүү саналат.
Бул Программанын алкагында артыкчылыктуу болуп өндүрүштүк окутуу мастерлерин даярдоо, окутуучуларды жана мастерлерди кайра даярдоо, кесиптик техникалык билим берүү жана окутуунун инженердик-педагогикалык кызматкерлерин/өндүрүштүк мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу саналат.
Эгерде өлкөнү санариптештирүү жөнүндө айтсак, анда Окутуучуларды кесиптик өнүктүрүү боюнча программанын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп маалыматтык технологияларды колдонуу менен жакшыртылган окутуу чөйрөсүн түзүү саналат.
—Прогрмаманы ишке ашыруунун этаптары жөнүндө жана бул максаттарга, милдеттерге жетишүү үчүн кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу айтып бериңизчи?
-Биринчиден, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Инженердик-педагогикалык кызматкерлерди окутууга болгон муктаждыкты талдоо боюнча методологиянын долбоору иштелип чыкты.
Талдоонун максаты – окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкеринин квалификациялык деңгээлдин керектүү кесиптик компетенцияларына жетишүү жана ишке ашыруу үчүн окууга болгон муктаждыгын аныктоо.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча кийинки иштер аткарылды. Окутуучулардын ар кандай деңгээлдери үчүн квалификацияны жогорулатуунун темаларынын тизмеси түзүлдү; инженердик-педагогикалык кызматкерлердин керектөөлөрүнүн негизинде окуу модулдары иштелип чыкты, аныкталган курстар боюнча аларды окутуу уюштурулду. Окутуунун жыйынтыгы боюнча ИПКны сертификациялоо жүргүзүлдү.
Долбоордун колдоосу менен баштапкы кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү системасынын 1500 окутуучусу окутулду.
Ошондой эле, “Кесиптик кайра даярдоонун кошумча кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы” иштелип чыккан жана бекитилген. Аталган Программанын максаты болуп кесиптик ишмердүүлүктүн жаңы түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон компетенцияларга ээ болуу, жаңы квалификацияга ээ болуу саналат, анда окутуу формасы – аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен күндүзгү-сырттан окутуу.
-Окутуучуларды кесиптик өнүктүрүү боюнча Программаны ишке ашыруу боюнча андан аркы иш-аракеттер кандай?
-Азыркы учурда үч адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасы иштелип чыгууда: Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы) боюнча өндүрүштүк окутуунун техник-мастери”, “Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы боюнча өндүрүштүк окутуунун техник-мастери”, Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу боюнча өндүрүштүк окутуунун техник-мастери”. Негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыккандан кийин студенттерди кабыл алуу жана аларды окутуу пландалууда. Ошондой эле, колледждерге лицензия алуу үчүн көмөк көрсөтүлөт.



