Онлайн-сабакта окуучуларга порнография көрсөтүлдү

Нур-Султандын (Астана) тургуну, математика сабагынын учурунда 5-класстын окуучуларына Zoomдан порнография көрсөтүлдү, деп даттанганын Tengrinews.kz билдирди.
Ал аялзатынын сөзүнө караганда сабак болуп жатканда, окуучуларга порнография көрсөтүлүп, сабактын аягында видеонун ордуна уят сөздөр менен сөгүнгөн эркек пайда болгон. Ушундай даттануу менен жазылган пост Facebook жана Instagram баракчаларына чыкты.
«Онлайн-сабактын экинчи күнү эле Zoom программасында чектен чыккан көрүнүш болду. Эмне үчүн үч айдан бери балдарды окутуунун нормалдуу каражаттарын даярдап кое алган жоксуңар?! Менин балам шок болуп олтурат, калган классташтары да шок болуп жатышат. Мен өзүм калчылдап атам. Zoom деген эмне болгон мындай программа, ыя?!. Эмне үчүн ушул кезге чейин нормалдуу окуу жок?!», — деп жазды публикациянын автору.
3-сентябрь күнү ушундай окуя болгонун Нур-Султандын билим берүү башкармалыгы да бышыктады.
«5-классты окутуу процессинин учурунда Zoomдун платформасына бөтөн бирөөлөр кирип алышып, балдардын компьютерлеринин экранынан уят-сыйытсыз слайддарды көрсөтүшүп, уят сөздөр менен сөгүнүшүп, математика сабагын үзгүлтүккө учуратышкан», — деп кошумчалаган башкармалыктан.
«Microsoft Teams платформасы команда топтоо, эсеп-кысабын түзүү боюнча бир нече күн бою иштелип жаткан, 3-сентябрда гана ага кирүүгө мүмүнчүлүк болгон. Мугалимдер дароо эле команда түзүшүп, бүгүндөн тартып сабактар Microsoft Teams платформасында өтүп жатат», — деп кошумчалашты башкармалыктан.
Башкармалык бул окуя боюнча Нур-Султандын полицидДепартаментине кат жолдошконун билдиришти.



