Коом
Экс-премьер-министр суракка чакырылды

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эртең, 23-октябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сурак берүү үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Достор иш буюрса башталды, элдин ишеничин актайбыз. Экс премьер министр М.Абылгазиевди 23.10.20 кайта чакырылды. Катуу кетпей турайын, буюрса иш менен далилдейбиз», – деп жазган ал.




