Аллергияны «чакыруучу» азыктар

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери аллергия чакыруучу негизги азыктарды атады.
Аллергиялык оорулар – бул Квинка шишигин, анафилактикалык шок, бронхиалдык астма сыяктуу коркунучтуу акыбалды жана аллергиялык ринит, атопикалык дерматит сыяктуу ооруларды чакырган дарттардын тобу.
Анын пайда болушуна айрым азыктар таасир берет. Аларды таасирине карата үч топко бөлүүгө болот.
Жогорку
Жумуртка, алкоголь, тоок эти, уйдун сүтү, шоколад, балык, цитрус, клубника, малина, бүлдүркөн, карагат, жүзүм, ананас, коон, курма, анар, кофе, какао, жаңгак, бал, козу карын, томат, сельдерей, буудай, кара буудай.
Орто
Чочко эти, үндүк эти, картошка, буурчак, шабдалы, өрүк, кызыл карагат, дарбыз, банан, көк болгар калемпири, жүгөрү, гречка, күрүч.
Төмөн
Кой эти, кабачки, патиссон, түрп, ашкабак, көк алма, кара өрүк, бадыраң.



