Окуялар

ИИМ: Дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайрат изделүүдө (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча   иштер жүрүп жатат.  Ал 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар.

 Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билген болсоңор төмөнкү телефон номурлары аркылуу маалымдап коюңуздарджы суранабыз:  0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 же Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгүнүн номуру  0312 266261.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button