Чымынды өлтүрөм деп, үйүн жардырып ийди

Сексендеги карыя кыжырын келтирип тынчтык бербеген чымынды электро чымын өлтүргүч менен өлтүрөм деп кууп баратып, үйүн жардырып салды, деп маалымдаган Sud-Ouest. Бул тууралуу 7-сентябрда INTERFAX.RU билдрди.
Бул окуя Францияда, өткөн жума күнү Дордонь департаментинде, Паркуль-Шено шаарында саат 19:45терде, болуп өттү. Улгайган киши кечки тамакты ичейин деп олтурган. Чымын ага тынчтык бербей жинине тие баштаган. Киши колуна электро чымын өлтүргүчтү алып, чымынды кууп жөнөгөн. Чымын өлтүрө турган бул электроприбордон чыккан заряддан улам француздун үйү жарылып кеткен.
Көрсө, ошол учурда үйдө газ чыгып аткан экен. Газ электрозаряддан тутанып, жарылуу болгон.
Үйдүн кожоюну бир аз күйүккө чалдыккан. Аны иликтөөдөн өткөрүш үчүн адегенде ооруканага жаткырышкан, андан соң кемпингге которушкан, деп билдирген ВВС.
Үй болсо авариялык абалга дуушар болгон, төбөсүнүн бир бөлүгү түшүп калган. Эми, үйдүн ремонтун үй ээсинин туугандары ишке ашыра турган болушту.
Ал эми чымындын тагдыры эмне болгону журналисттерге белгисиз бойдон калды.


