Окуялар

ИИМ: Дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайратты табылды

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайрат  2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигине байланыштуу анын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалган.

2020-жылдын 5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

2020-жылдын 8-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөгн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшундө  Жумабек уулу  Кайраттын кайда жүргөндүгү аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында жүргөн. Азыркы учурда Жумабек уулу  Кайрат автоунаасы менен бирге жакындарына тапшырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button