Коом
144 медикке 200 миң сомдон компенсация төлөндү

11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирустан көз жумган медиктердин жакындарына да акча берилип жатат. Бүгүнкү күндө оорудан каза болгон 21 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнгөн.
Акматова компенсациялык төлөмдөрдү берүү уланып жатканын кошумчалады.
Республикалык штаб өкмөттүн токтомуна таянып, абал кооптуу делген жерде кызмат өтөп жүрүп COVID жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу экенин белгилеп кетти.



