Окуялар

ИИМ: Алдамчылык иш-аракеттерине шектүү Москва шаарынын аймагынан кармалды

2019-жылдын апрель айында Бишкек шаарында үч жаран, анын ичинен Азиз аттуу адам чет өлкөдөн автоунааларды сатып алабыз деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, баасы 1397000 сомдук (20000АКШ долллар) турган «Toyota Avalon», 768350 сомдук (11 000 АКШ доллары) «Hyundai Elantra» үлгүсүндөгү унааларын ээлеп алган. Укукка жат иш-аракеттин натыйжасында ишкерге 2 165350 сомдук чыгым келтирилген. 2019-жылдын 10-апрель күнү аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Кармалган жарандардын бирине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин материал сотко жөнөтүлгөн. Эки шектүү, анын ичинде Орозбаев Азиз Алишерович алдамчылык иш-чаракеттеринен кийин издерин жашырып качып кетишкен. Тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү алып келүү боюнча бир нече жолу тергөө тапшырмасы берилген. 2020-жылдын январь айында 1989-жылы туулган А.М. менен 1989-жылы туулган А.Орозбаевге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. 2020-жылдын март айында шектүүлөр издөөгө алынып, сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык токтотулган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча издөө жарыяланган А.Орозбаев 2020-жылдын 4-сентябрь күнү Москва шаарынын Красносельск районунун аймагында аймактык укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бишкек шаардык Ленин РИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Красносельск районунун бөлүмүнө издөөгө алынган жаранга карата тиешелүү документтер жөнөтүлдү. Кармалган жаранды эсктрадициялоо маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чечилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button