Окуялар

ВИДЕО. Жалал-Абадда лицензиясыз 2 млн. сомдук сыра тартып алынды

Мамлекеттик салык кызматы Жалал-Абад облусунда рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Тактап айтканда, лицензиясы жана тиешелүү документи жок сатуу максатында мыйзамсыз түрдө сакталып турган сыранын кампасы аныкталды. Ар кандай аталыштагы жана идиштеги баасы 2 миллион сомдон ашкан 38 062 бөтөлкө сыра алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык  чаралар көрүлгөнү айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button