Коом

УКМК тарабынан «Йакын Инкар» ДЭКтин мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

УКМК тарабынан 2024-жылдын 21-августунда Балыкчы шаарынын тургундары болгон «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 6 мүчөсүнө түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында ДЭКтин мүчөлөрү «Йакын инкар» радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты. Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында КР УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

КР УКМК жарандарга Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button