Коом

“Шарт түзөт” коммуникациялык стратегиясынын презентациясы өттү

АРИСтин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун“Шарт түзөт” коммуникациялык стратегиясынын презентациясы өттү.

Стратегиянын максаты — суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена жаатында калктын жаңы жүрүм-турум практикаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу.

Документте үй чарбаларын суу түтүтүктөр линияларына кошуу, суу эсептегичтерди колдонуу, суу үчүн төлөмдөрдү убагында төлөө, үйдөгү санитардык шарттарды жакшыртуу, балдардын заңын коопсуз жок кылуу маселелери боюнча ар кыл иш-аракеттер каралган.

Мындан тышкары, иш-чарада 2026-жылга чейин Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы жарыяланды.

Программанын максаты — калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу элдин ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button