Саясат

ВИДЕО: Көлдүн губернатору Балбак Түлөбаев «таарынбагыла, катуу чара көрөм» деди

Ысык-Көл областтынын жетекчилигинин башкы звенолорунан баштап, райондук жетекчиликке чейин чогулган жыйында, Көл кылаасына жакында эле жетекчи болуп барган Балбак Түлөбаев кол алдындагыларга тапшырма берип, бир айдан кийин өзү кыдырып, анын аткарылышын текшерээрин, кокус аткарылбай калса, анда катуу чара колдоноорун эскерткен видео интернетке тарады.

Анда губернатор ооруканалардын ичинде социалдык аптекалар гана болоорун, демек коммерциялык дарыканалардын баары аяктан чыгарылаарын эскертти. Ошондой эле, мектептердин жанында сигарет, спирт ичимдиктерин сата турган бир дагы павильон, комок болууга тийиш эместигин, аларды да тазалаш керектигин айтты. Буга улай, Балбак Түлөбаев мыйзамсыз коюлган соода-сатык дүкөнчөлөрүнүн баарын алыш керек экенин, областы жашылдандыруу, көрктөндүрүү керектигин айтып өттү.

Мунун баарын ишке ашырууга губернатор областтык звенолордогу жетекчиликке, акимдерге бир ай мөөнөт берди. Бир айдан кийин бүт областты кыдырып, иштин аткарылышын жеке өзү текшерээрин, кокус тапшырмасы аткарылбай калса, анда катуу чара көрөөрүн айтты.

https://www.facebook.com/kaiaibek/videos/3591012864295415/

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button