Коом
Этият болуңуз! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.



