Саясат

Эдил Байсалов журналист Болот Темировдун чет элдик жаран экенин жана башка кылмыш иши тууралуу айтты

Камчыбек Ташиев  өз ишин, убагында жол боюнда туруп бензин сатып баштаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов өз маегинде Болот Темировго карата тергөө иштерине комментарий берип жатып билдирди.

 «Ал өзүн ушундай жол менен, эмгеги менен ишин жасады, бутуна турган. Ал бизнесмен жана ишкер, андан кийин саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары ордун тапты. Ал эми айтылып жаткан  тендерлерди Акаевдин убагында деле  утуп алчу», — деди чиновник.

Эдил Байсалов журналист Болот Темировдун кылмыш ишиндеги кырдаалга да токтолуп, Кыргызстандын жарандыгын жасалма документтер менен алганын кошумчалады.

«Мамлекетте жашап жатса да ал Орусиянын жараны. Ал Кыргызстандын мамлекеттик режимине каршы максаттуу дестабилдештирүү,  диверсиялык аракеттер менен алектенген чет элдик жаран», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Буга чейин журналистке төрт кылмыш иши козголгону маалымдалган. Болот Темиров муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы боюнча соңку иликтөөлөр жана анын үй-бүлөсүнүн күйүүчү май бизнеси тууралуу материалдар менен байланыштырууда.

Бишкек ШИИББи бул иштин чоо-жайын иликтөө учурунда айыпталуучуга жаңы ачылган кылмыш фактылары белгилүү болгонун билдирди.

Бул фактылар боюнча объективдүү юридикалык баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси “Документтерди жасалмалоо” жана 378-беренеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иштери козголгон.

Эскерте кетсек, январь айында Болот Темировго баңгизат боюнча кылмыш иши козголгон. Андан соң милиция кызматкерлери спецназдын жоокерлеринин коштоосунда борбор калаадагы Temirov Live журналисттеринин кеңсесине келишкен. Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИБге жеткирилген. Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров да кармалган. Бирок,  экөө тең  эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Булак: 24.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button