Жээнбеков Будапештте Венгрия менен стратегиялык кызматташуу тууралуу декларацияга кол коет

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгрияга расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү жүргүзөт.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, кыргыз делегациясы Будапештке кечээ, 28-сентябрдын кечинде барды, бүгүнкүгө бир катар иш-чаралар пландалууда.
Жээнбеков менен Орбандын жолугушуусунан кийин эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга, Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү меморандумга жана башка документтерге кол коюлат. Будапешт шаарындагы бакчалардын биринезалкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун наамын ыйгаруу аземи өтөт.
Мындан тышкары Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер жана Улуттук жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушат. Кыргызстан менен Венгрия ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте быйыл февраль айында ачылган. 2018-жылы венгр өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат.



