Өлкөдө 2-августта чучук алмаштыруу операциясы жасалат

Өлкөдө алгачкы ирет чучук алмаштыруу боюнча операция 2-августта жасалат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат.»Президент органдарды өлкө ичинде алмаштыруу боюнча тапшырма койгон. 15-февралдан бери бөйрөк акысыз алмаштырылууда. Мындан тышкары, 74 адис Түркиядан, Россиядан даярдыктан өтүп келип, эки жарандын боору трансплантацияланды. Буга 55-150 миң долларга чейин керектелет.
Каражаттын баары президенттик фонддон берилүүдө. Мындан тышкары, учурда чучук алмаштыруу үчүн тийиштүү жабдыктар алынды. 2-августта төрт жаранга акысыз операция кылуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө», — деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле катарлык дарыгерлердин жардамы менен 168 тубаса дүлөй балага операция жасалып, эми чоңдорго дагы жасоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.



