Дүйнө

Казакстан кайрадан авиакаттамдарды токтотууга белсенип жатат

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19 боюнча кырдаал оорлошуп жатканына байланыштуу чек өлкөлөр менен аба каттамдарды чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Sputnik Казахстан агенттиги жазды.

Ал өкмөттүн жыйынында 5-октябрдан тарта башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды жандантпай жана учурдагы каттамдардын санын көбөйтпөй туруу керектигин айткан. Ошондой эле Түркияга каттаган учактардын санын кыскартууну сунуштап жатканы белгиленет.

Андан соң премьер-министр Аскар Мамин министрдин демилгесин ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүгө тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Казакстан өткөн жумада эле Кыргызстан менен Россияга аба каттамдарын жанданткан болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button