Коом

Коронавирус. Жуктургандар көбөйдү

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 154 бейтап айыкты. Ошол эле учурда кайра 215 кишинин оору жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 6;
  • Ош шаары – 34;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 47;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Баткен облусу – 27.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 17;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ош облусу – 41;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 40;
  • Баткен облусу – 63.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Жалпысынан алганда 47 056 кишиден коронавирус аныкталса, анын 43 137си ооруну жеңди. Тилекке каршы, дарт 1 065 адамдын өмүрүн алган.

Учурда 910 бейтап стационардык шартта дарыланып жатса, 1 489 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button