«Реформа» партиясы 4-октябрда провокация уюштурууну көздөөдөбү?

Бүгүн шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Эртең бардык үгүт иштери, талкуулар токтотулуп, “жымжырттык күнү” өкүм сүрөт.
Жалпысынан үгүт кампаниясы тынч өттү, албетте, ар бир шайлоодо боло турчу анча-мынча партиялардын “калчылдашканын” эсепке албаганда.
Форма-2 боюнча дээрлик бардык партиялар иш жүргүзүп, өз кишилерин ар кайсы участкаларга каттатышты. Буга чейин болуп келгендей, бир дагы партиянын үстөмдүгү, бийликтин партиясынын артыкчылыгы, деги эле бийликтин партиясы деген түшүнүк болгон жок. Бүт бардыгына бирдей шарттар түзүлдү.
Ошентсе да, өлкөдөгү тынчтыкты бузгусу келгендер, шайлоодо жетиштүү добуш албай турганына көзү жеткен партиялар «админресурс» деп баарынан катуу кыйкырып, элдин көңүлүн буруу менен убара.
Кыянатчылык менен бет тырмарлыкты адат кылып алган партиялардын бири “Реформа” жана анын күйөрмандары 4-октябрь шайлоо күнү «Биримдиктин» логотиби тартылган футболкаларды кийип алып, элге акча таратымыш этип, аны видеого тартып, «Биримдик» добуш сатып алууда деп ызы-чуу чыгарууга катуу даярданып жаткан экен.
Мыйзам боюнча бир дагы партия добуш берген күнү логотип ж.б. партиянын символикасын пайдаланбашы керек. Карапайым калк муну билмек беле, ар кандай видео, сүрөттөрдү көрүп алып, ишенип алышы мүмкүн.
Ал эми “Реформанын” максаты белгилүү да, эптеп шылтоо таап, ал табылбаса, провокация уюштуруп, элди бөлүп-жаруу, ызы-чуу салуу, беттен алуу.
Ошондуктан шайлоо күнү эч кимибиз провокацияларга алдырбай, бардык процесс тыкыр көзөмөлдө болуш керек. Элдин да, партиялардын да, укук коргоо органдарынын да.
Эң башкысы шайлоо тынч өтүшү шарт. Ал эми ага бүлүк салгандар дароо мыйзамдуу жазасын алышы зарыл.



