Коом

Окуучулар жалпы дистанттык окууга кайтат

Кыргызстанда окуучулардын бардыгы мурдагыдай аралыктан окууга кайтууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда мекеме тиешелүү буйрукту даярдап жатат.

«Министрлик мектепте окууну жандантууну өлкөдө абал турукташкандан кийин карап баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин 1-класстарды, андан кийин 2-класстан 6-класска чейинки окуучуларды мектепке бардырууга уруксат берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button