Коом

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза тапты

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Качкынбай Жетибаевич Бообеков каза тапты. Бул туурсында Жогорку соттун пресс-кызматы билдирген.

Качкынбай Бообеков 1937-жылы 1-январда Чүй областына караштуу Кемин районунун Боролдой айылында туулган. Эмгек жолун Кемин райондук сотунун катчылыгынан баштаган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университети) аяктагандан кийин1973-жылга чейин Ош областтык сотунун мүчөсү, Рыбачье (Балыкчы) шаардык сотунун төрагасы болуп иштеген.

1973-жылдан 1989-жылга чейин Нарын областтык сотунун төрагасынын орунбасары, Ысы-Көл областтык сотунун орунбасары болуп кызмат өтөгөн. 1989-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун мүчөсү, а 1991-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болгон.

«Жогорку квалификациялык класстагы сот», «КР эмгек сиңирген юристи», өкмөттүк сыйлыктардын ээси. Сот системасы үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын орду толгус жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт», — деп айтылган билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button