Коом
Коронавирус. Өткөн суткада 300гө жакын кишиден илдет аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда бир сутка ичинде 154 бейтап коронавирусту жеңди. Ошол эле маалда 298 кишиден COVID-19 аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
- Бишкек – 12;
- Ош шаары – 23;
- Чүй облусу – 5;
- Ош облусу – 48;
- Талас облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 13;
- Жалал-Абад облусу – 28;
- Баткен облусу – 23.
Жуктургандар:
- Бишкек – 57;
- Ош – 20;
- Чүй облусу – 10;
- Ош облусу – 61;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 5;
- Жалал-Абад облусу – 47;
- Баткен облусу – 89.
Жалпысынан алганда өлкөдө 48 097 адамдан коронавирус табылып, анын 43 798и ооруну жеңди. Тилекке каршы, 1 069 бейтап коронавирустан көз жумган.
Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 1 325 бейтап стационардык шартта, ал эми 1 450 киши үйлөрүндө дарыланууда.
Өлкөдө акыркы суткада коронавирустан үч киши акка моюн сунду. Ага ылайык, каза тапкан эки бейтап Ош облусунан жана бирөө Бишкек шаарынан катталды.
Жалпысынан марттагы пандемиядан бери жугуштуу оору 1 069 адамдын өмүрүн алып кетти.



