Окуялар
УКМК: жазасын өтөп жаткан Айбек Калиев өз ыктыяры менен абакка кайтты

Бүгүн, 12-октябрда, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев мурда жазасын өтүп жаткан мекемеге өз ыктыяры менен кайтып келди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор учурунда бошотулган.
«Учурда ал жаза өтөөсүн улантуу үчүн УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда мурдагы жайына жеткирилген», — деп айтылат билдирүүдө.
«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы директору Айбек Калиев өткөн жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жылга эркинен ажыратыллган.



