ИИМ: Уурулук менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган бир катар уурулуктардын бети ачылды.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейинки убакытта белгисиз адамдар экинчи каньон деген жердеги туристтердин автоунааларынан акча каражаттарын уурдашканын билдиришкен.

Уурулуктун үч фактысы боюнча, биринчи жабырлануучуга 124 000 сом, экинчи жабырлануучуга 145 800 сом жана үчүнчү жабырлануучуга 300 000 сом материалдык зыян келтирилген.

Үч уурулук фактысы боюнча Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Бул уурулук фактыларын бети ачуу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын аймагында кылмыштуу топ автоунаалардан уурулук кылып жатканы байкалган. Бир нече убакыт өтүп, ыкчам кызматкерлер уурдоого шектүү болгон кылмыштуу топтун изине түшүп, атайын операция учурунда колго түшүрүштү.
Кармалган шектүүлөр, буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон коңшу өлкөнүн жарандарынан турган кесипкөй уурулук кылган кылмыштуу топ экени аныкталды.
Шектүүлөрдөн — 2 даана рация, 5 мобилдик телефон, 1 дүрбү, ар кандай автоунаалардын 5 ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар (отмычка), акча каражаттары: АКШ доллары, евро, казак теңгеси, сом, Индия рупиясы, швейцария франкы алынган, алар буюм далилдери катары таанылган жана кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Кармалган 1985-жылы туулган Дж.А., 1975-жылы туулган У.О., 1964-жылы туулган Г.А., 1978-жылы туулган Х.Г. аттуу жарандар шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Кармалган адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилет.



