Коом

Кыргызстандыктар президенттик шайлоодо жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат

Форма №2ге чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандары үчүн гана уруксат берилет. Алдыдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандыктар жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат. Бул тууралуу  БШКдан билдиришти.

Буга чейин форма №2 боюнча добуш берүү нормасы жокко чыгарылган. Эми ага чет жерде жүргөн жарандар гана добуш бере алышат- деп эскертти БШК.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануунун календарлык планын бекитти. 10-ноябрга чейин БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялай баштайт, ошондо жарандар алардын тизмеде экендигин текшерип турушат. Президенттикке талапкерлер 3-декабрга чейин кол тамгаларын БШКга тапшырышы керек. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Эскерте кетсек, буга чейин №2 форма аркылуу жарандар катталган жерине карабастан каалаган шайлоо участкасында добуш бере алышкан. Бул норма студенттер жана ички мигранттар катталган жеринде жашабаса дагы, шайлоодо добуш берүү укугунан пайдалануусу үчүн киргизилген. Бирок акыркы парламенттик шайлоодо БШК мүчөлөрү жана жарандык сектор №2 форма шайлоочуларды сатып алуу үчүн колдонулганын белгилешкен. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, парламент №2 формасын жокко чыгарды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button