Саламаттык сактоонун ОМОНу деп эмнени айтабыз?

Россиянын медико-биологиялык агенттигинин (ФМБА) жетекчисинин биринчи орунбасары Татьяна Яковлева “Известияга” берген интервьюсунда минтип айтты.
—Пандемиядан кандай сабак алсак болот?
— Биринчиси —инфекциялык кызматты өнүктүрүү зарылдыгы, врач-инфекционисттерди жана биринчи звенонун кызматкерлерин даярдоо — Россиянын саламаттык сактоо министрлиги менен Россия ФМБАсынын негизги иш-аракеттери ушуга багытталган.
Экинчиси — илим дагы, дарылоочу мекемелер дагы, өндүрүш дагы ыкчам ылайыкташууга даяр туруш керек. Бул өтө маанилүү. Бүгүн бизде илим ушундай платформаларды жаратып жатат. Мисалы, «Спутник V» — вакцинасын эле алалычы, Эболага каршы вакцинанын базасында жасалды. «Балык» (тулку деген мааниде — ред.) даяр, а негизги компонент SARS-2ден алынып, ага (“балыкка”) коюлду. Бул схема вакцина үчүн да, дарылар үчүн да, тесттер үчүн да өтө маанилүү. Дагы башка ар түркүн инфекциялар пайда болуп калышы мүмкүн, андыктан жаңы дарыларды, жаңы вакциналарды, жаңы тесттерди даярдоого тез өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүш керек.
Өнөр жай да так ушундай иштеш керек. Россиянын ФБМАсын бүгүн мен саламаттык сактоонун ОМОНу деп эсептейм. Анткени биз ыкчам бригадаларды түзүп, жардамга муктаж болуп жаткан аймактарга тез жиберип жатабыз. Крымда да, Сибирде да, Ыраакы Чыгышта да ушинтип иштедик. А космосто, «Росатомдо» адамдар ооруп калып, ошонун айынан авария чыкканын уктуңарбы? Жок, уккан жоксуңар. Ушунун баары Россиянын ФМБАсынын аракеттеринин натыйжасы. Ыкчам кыймылдоочу мобилдүү комплекстерди түзүү зарыл. Бул президенттин кайрылуусунда да айтылган. Медиктер дайыма күзөттө туруш керек.



