Коом

«Ак-Тилек» постунда кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 90го азайды

22-апрелде саат 07:00гө карата «Ак-Тилек» постунда кезекте 90 оор жүк ташуучу унаа турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрель күнү төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат.

Кечээ, 21-апрель күнү 130 айдоочуга тамак-аш берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button