Коом

Арстан Алай: Садыр Жапаров эмес, мен президент болом, дүйнө жүзүн башкарам

Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай маалымат жыйынын өткөрдү. Анда азыркы Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды айтып, өзүн адатынча Жаңы Кудаймын деп тааныштырды.

“Мен өзүмдү Жаңы Кудай деп эсептейм. Эмне үчүн? Анткени мен дүйнө жүзүн башкара алам” – деди Арстан Алай.

Мен Жээнбековдун отставкасын талап кылгам. Анткени ал Жаңы доордун талаптарын билбейт. Алар мени  менен соттошкусу келген, кылмыш ишин козготушкан. Бирок акыры эмне менен бүттү? — деди ал.

Бийлик башындагылар Жаңы доордо кандай жашаш керектигин менден сурашы керек. Мен  адамзатты, жаратылышты, дүйнө жүзүн башкарган  Жаңы Кудаймын. 2020-жылы Жээнбековдун убагы келип, ал кетти, эми мен президент болушум керек деп кошумчалады.

Ал эми журналисттердин коронавирус тууралуу суроосуна ал, гуманитардык жардам алуу үчүнСооронбай Жээнбековдун бийлиги Ухан вирусу тууралуу жалган маалыматтарды тараткан деп жооп берди.

«Вирус өлкөдө жок. Адамдар башка себептер менен каза болушту. Мен бул илдетти Кыргыз жерине жолотпойм деп айткам. Ал сөзүмө турдум. 2020-жылы Жээнбековдун убактысы бүттү. Эми мен президент болом. Периштелер өз ара сүйлөшүшүп, Садыр Жапаров президент болбойт деп чечишкенин аян аркылуу көрдүм. Дүйнөнү башкаруучулар менден кеңеш сурашы керек», — деди Арстан Алай.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button