Катар мамлекетинин Элчилиги жана кайрымдуулук фонду жүрөк оорулары үчүн операция жасоого жардам берет

Кечээ, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Аль-Сулайти мененсаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тарап жүрөк оорулуу 81 бейтапка акысыз операция жасоо боюнча механизмдерди жана жалпы саламаттык сактоо жаатында жана медицина тармагында эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.
“Катар Мамлекети саламаттык сактоо тармагына дайыма жардам көрсөтүп келээри баарыбызга белгилүү. Белгилей кетсек пандемия башталган учурда Катар кайрымдуулук уюму аркылуу 50 миң долларга медициналык жеке коргонуучу каражаттарын жана ошондой эле 420 даана кислород концентраторлор коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары министрлике тапшырылып берилген. Ушуга байланыштуу элчи мырза жеке сизге жана Кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”, – дейт өз сөзүндө министр.
Жолугушуунун соңунда министр Кардиохурургия борборунун жетекчилигине операцияга муктаж болуп кезекте турган жарандардын жана операция жасай турган кардиохирургдандын тизмесин тез арада тактоо боюнча тапшырмаларды берди.