Коом
Өткөн суткада коронавирус 432 кишиден табылып, 4 бейтап каза тапты.Бишкекте дагы эле көп

Өткөн суткада коронавирус 432 кишиден табылып, дагы төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 138;
- Ош – 27;
- Чүй облусу – 62;
- Ош облусу – 26;
- Талас облусу – 10;
- Нарын облусу – 15;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 66;
- Баткен облусу – 37.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 69 581ге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор:
Бишкек – 2
Талас облусу – 2
Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 1 231ге жетти.



