Коом

Ноокатта баасы 4 миллион сомдук бала бакча 60 миң сомго сатылганы аныкталды

Кеӊеш айыл өкмөтүнүн токтому жана Ноокат райондук жер жана агрардык реформа боюнча борборунун буйругу менен Арбын айылында жайгашкан бала бакча 0,18 га жер аянты менен бирге жеке менчикке 60 миң сомго сатылган. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле маалда, бала бакчанын нарктык баасы 4 млн. 129 миң сомду түзөөрү текшерүүдө аныкталган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык социалдык багыттагы объектилерди жеке менчикке өткөрүүгө тыюу салынат.

Аталган факты 2020-жылдын 18-ноябрында Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө аракеттери башталды.  

Мындан сырткары, райондук прокуратура тарабынан бала бакчаны менчике өткөрүү жөнүндө кабыл алынган токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button